Жаңылыктар
Башкы прокуратуранын кеңири коллегиясынын отуруму өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Башкы прокуратуранын кеңири коллегиясынын отуруму өттү

Бүгүн, Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин жетекчилиги алдында кеңейтилген коллегиянын отуруму өттү. 

Жыйындын күн тартибинде прокуратура органдарынын 2021-жылдагы иштеринин жыйынтыгы чыгарылып, ушул жылга карата аткарылчу иш-аракеттер жана башка маселелер талкууланды. 

Башкы прокурор тарабынан мыйзамдуулукту камсыздоо боюнча тийиштүү талаптар коюлду. Коллегияга прокуратура органдарынын аймактардагы прокурорлору жана Башкы прокуратуранын кызматкерлери катышты.