Жаңылыктар
Министрлер Кабинетинин кезектеги кеңешмеси болуп өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Министрлер Кабинетинин кезектеги кеңешмеси болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кезектеги кеңешмеси болуп өттү. 

Кеңешменин жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин бир катар чечим долбоорлору талкууланып, жактырылды, анын ичинде тез бузулуучу тамак-аш азыктарын эл аралык ташуулар жөнүндө жана бул ташууларга арналган  атайын транспорт каражаттары тууралуу Макулдашууну ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө; камак өтөө жайларынын иштөө тартибин жана камакка алынган адамдарды кармоого болгон талаптарды бекитүү жөнүндө; Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларынын, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин мамлекеттик сорт сыноо станцияларынын жана мамлекеттик сорт сыноо участокторунун тизмесин бекитүү жөнүндө; техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоого (көзөмөлдөө) тийиштүү маселелер каралды.

Кеңешмеде үстүбүздөгү жылдын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү, энрегетика жана өнөр-жай тармагындагы долбоорлордлу ишке ашыруунун актуалдуу маселелери талкууланды.