Президент Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Пекиндеги сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында Биргелешкен билдирүү кабыл алышты.
Анда ишенимдүү, жылуу жана достук маанайда өткөн эки мамлекеттин башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын жогору баалап, өз ара аракеттенүүнүн бардык аспектилери боюнча кызматташууну активдештирүү зарылдыгы белгиленди. Үстүбүздөгү жылы эки өлкө учурдагы кыргыз-кытай мамилелеринин тарыхындагы маанилүү датаны - Биргелешкен коммюникеге кол коюлушун жана 1992-жылы Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотулушун белгилеп жаткандыгын белгилешти.
Эки мамлекет салыштырмалуу кыска тарыхый мөөнөттө мамлекеттер аралык мамилелердеги эң курч, тарыхый мурас болгон чек ара маселесин өз ара пайдалуу, эки тарапка тең ынанымдуу шарттарда чечүүгө жетишти.
Тараптар Кыргызстандын аймагында маанилүү биргелешкен социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту. Жолугушуунун жүрүшүндө кол коюлган жашыл өнүгүү чөйрөсүндө инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна оң баа беришти. Кытай тараптын көмөгү менен “Датка-Кемин” электр берүү линиясын куруу жана ишке киргизүү, “Ош – Сары-Таш - Эркечтам”, “Бишкек-Нарын-Торугарт”, “Түндүк-Түштүк”, “Ош-Баткен-Исфана”, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо, Бишкек шаарынын жол инфраструктурасын жакшыртуу долбоорлору ишке ашты жана айрымдары боюнча иштер жүрүп жатат. “Бир алкак - бир жол” демилгеси биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун, социалдык-экономикалык жана гуманитардык өнүгүүнүн негизги булактарынын бири жана шык-деми. Кыргыз тарап Кыргызстандан Кытай Эл Республикасына электр энергиясын экспорттоо маселесин изилдөөнү сунуштады, кытай тарап бул сунушту изилдөөгө даяр экенин билдирди.
Кыргыз тарап Кыргызстандын аймагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр кытайлык компанияларды кубаттайт. Тараптар пандемияга каршы күрөшүү, аймактык коопсуздукту жана стабилдүүлүктү камсыз кылуу сыяктуу маанилүү маселелер боюнча өз ара колдоо көрсөтүү биринчи планга чыгат деп ишенишет.