Жаңылыктар
Сабалган эки жаштагы бала Бишкектеги №3 ооруканага которулду
Кыргызстан жаңылыктары
Сабалган эки жаштагы бала Бишкектеги №3 ооруканага которулду

Аеосуз сабалган эки жаштагы бала Бишкектеги №3 ооруканага которулду. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков кабарлады. 

Буга чейин Сокулукта катуу токмоктолуп, денесинде бир нече жаракаты бар бала райондук ооруканага жеткирилген. Шектүү катары, баланын атасынын иш берүүчүсү камакка алынган.

“Буга чейин баланын атасы да шектүүдөн жабыркаган экен. Ал баласынын коопсуздугу үчүн эч кимге арызданбаганын айтып жатат. Окуяга байланыштуу карама-каршы маалыматтар ачыкка чыгууда. Баланын апасы наристени өзүнүн күйөөсү же баланын атасы сабаганын айтып жатат”,- деди Акыйкатчынын аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков.