Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандын эл аралык уюмдардагы жана башкы консулчулуктардагы элчилери жана туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери менен видеоконференция форматында кеңешме өткөрдү.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы чет өлкөлөрдө өлкө жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, чет өлкөлүк инвестицияларды, технологияларды жана билимдерди тартуу, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, ата мекендик продукцияны тышкы рынокко чыгарууга көмөк көрсөтүү, туристтик агымды жогорулатуу, максаттуу экологиялык фонддордон, чет өлкөлүк өнөктөш өлкөлөрдөн, көп тараптуу финансылык институттардан эл аралык климатты каржылоону тартуу боюнча иштерди активдештирүү зарылдыгына басым жасады.
Кеңешменин жүрүшүндө Тышкы иштер министрлигинин жана чет жердеги мекемелердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча пикир алмашуу болду. Акылбек Жапаров алардын иши үчүн ыраазычылык билдирип, алдыга коюлган максаттарга жетишүүдө ийгиликтерди каалады.
"Жогорудагы милдеттерди ишке ашыруу сиздердин ишиңиздердин негизги, чечүүчү көрсөткүчтөрүнүн бири болууга тийиш. Ишти реалдуу жыйынтыктарга умтулуу менен натыйжалуу жүргүзүү керек. Албетте, республикада буга катар инвестициялык жана ишкер климатты жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүшү зарыл. Министрлер Кабинети өлкөдө бизнес климатты жакшыртуу жана инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча бардык чараларды көрүүдө",- деп билдирди Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров.