Жаңылыктар
Тоо-кен ишканаларынан түшкөн каражаттарды аймактарды өнүктүрүү фонддоруна бөлүштүрүү ачык-айкын болот
Кыргызстан жаңылыктары
Тоо-кен ишканаларынан түшкөн каражаттарды аймактарды өнүктүрүү фонддоруна бөлүштүрүү ачык-айкын болот

Мындан ары тоо-кен ишканаларынан түшкөн каражаттарды аймактарды өнүктүрүү фонддоруна бөлүштүрүү ачык-айкын болот. Бул каражаттарды бөлүштүрүүдө жарандык көзөмөлдү орнотуу да маанилүү. Ал үчүн budjet.okmot.kg дарегин териш керек жана "Ачык бюджет" сайтынан каалаган жаран тигил же бул тоо-кен компаниясы канча акча которгондугу тууралуу гана эмес, каражат кайда жумшалганы тууралуу маалымат ала алат.

Буга чейин эл үчүн кен иштеткен компаниялар тарабынан мамлекетке канча көлөмдөгү каражат чегерилип жатканы боюнча маалымат жабык болуп келген болсо эми мындан ары жарандар тоо-кен компанияларынан аймактарды өнүктүрүү фондуларына түшүп жаткан каражаттар боюнча онлайн маалыматтарды ала алышат. Ал гана эмес канча өлчөмдө жана кайда жумшалып жаткандыгынан да кабардар болушат.