Жаңылыктар
Ишкер, ойлоп тапкычтар үчүн керектүү мүмкүнчүлүктөр түзүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Ишкер, ойлоп тапкычтар үчүн керектүү мүмкүнчүлүктөр түзүлдү

Бишкекте алгачкы мамлекеттик инновациялык борбор ачылды. Аталган жай Кыргызпатентке караштуу мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын базасында түзүлгөн. Эми ойлоп табуучулар, ишкерлер өз эмгектерин дүйнөлүк рынокко алып чыгууга мүмкүнчүлүк бар. Алар борбордон өз долбоорлорун идеядан баштап, ишке ашканга чейинки процессти аткара алышат.

Акмаль Анарбеков жаңы ачылган мамлекеттик инновациялык борбордо окуп, билимин, өнөрүн өркүндөтүп жаткан учуру. Достору менен кошо ARDUINO (ардуино) роботун жасоого үлгүрүштү. Ал ырдоо жана түрдүү жарыктарды бере турган бир нече кызматты жасай алат.