Жаңылыктар
Бишкекте мас айдоочу жолдо оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан жумушчуну сүзүп кетти
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте мас айдоочу жолдо оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан жумушчуну сүзүп кетти

Бишкекте мас айдоочу жолдо оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан жумушчуну өлтүрө сүзгөн. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 18-октябрда саат 01:55тер чамасында 20 жаштагы айдоочу мас абалында “Мазда-Демио” унаасы менен Горький жана Айдаралиев көчөлөрүнүн кесилишинен адамды сүзүп кеткен. Ал жолдогу оңдоп-түзөө иштерин көрсөтүп турган жол белгилерин карабай ошол жерде иштеп жаткан “Аргын-Курулуш” ишканасынын жумушчусун сүзгөн. 

Жумушчу ошол жерде жан берген. Унаа убактылуу айып короо жайына токтотулуп, айдоочусу тергөө кызматына жеткирилген. Тийиштүү соттук-медициналык, автотехникалык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.