Жаңылыктар
Террористтик ишмердүүлүктү каржылоого тиешеси бар адамдар кармалды - УКМК
Кыргызстан жаңылыктары
Террористтик ишмердүүлүктү каржылоого тиешеси бар адамдар кармалды - УКМК

Террористтик ишмердүүлүктү каржылоого тиешеси бар жарандар кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн терроризимге каршы иш-чаралардын алкагында террористтик ишмердүүлүктү каржылоого тиешеси бар Кыргызстандын жарандарынан турган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү аныкталып, ага бөгөт коюлду.

Тактап айтканда, чет өлкөдө резонанстуу терактты уюштурууга катышкан адамдарды каржылоого шектелип, ар кайсы өлкөлөрдүн 39 жаранынын өмүрүн алган, 33 жана 31 жаштагы Кыргызстандын жарандары Бишкек шаарынан кармалышты. Кармалгандар УКМК тергөө камак жайына киргизилди. Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралар улантылып жатат.