Келээрки жылы мугалимдердин айлык акысы көтөрүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, Президент тарабынан мугалимдердин маянасын эки эсе жогорулатуу милдети коюлган. Ал үчүн салыкты фискалдаштыруу, аткезчиликти жоюу, көмүскө экономикадагы акчаны иреттөө керек. Айлык салык көбөйгөндө гана өсөт. Алдыдагы биринчи кварталдын ыргагын карап, мүмкүнчүлүк болсо мугалимдердин айлыгы көтөрүлөт, - деди ал.