Жаңылыктар
Кыргызстан менен Евробиримдиктин кызматташтыгы, эл аралык деңгээлдеги өз ара аракеттенүүсү талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан менен Евробиримдиктин кызматташтыгы, эл аралык деңгээлдеги өз ара аракеттенүүсү талкууланды

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Терхи Хакала жана Европа Биримдигинин Адам укуктары боюнча атайын өкүлү Имон Гилмор менен жолугушту. Анын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу жана эл аралык деңгээлдеги өз ара аракеттенүү кеңири талкууланды. 

Руслан Казакбаев өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар, ошондой эле алдыдагы шайлоого токтолуп, Кыргызстандын демократиялык баалуулуктарга берилгендигин жана эл аралык укуктук документтерде белгиленген курстун, максаттардын жана принциптердин уланышын белгиледи. Имон Гилмор Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы адам укуктары боюнча диалогдун ачык жана конструктивдүү мүнөзүн белгиледи. 

Атайын талкуунун темасы 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкекте Европа Биримдиги - Борбор Азия биринчи экономикалык форумуна даярдык көрүү. Терхи Хакала форумду Бишкекте өткөрүү демилгеси үчүн кыргыз тарапка ыраазычылыгын билдирди.