Жаңылыктар
"Кумтөр" кениндеги дагы бир өзүм билемдиктин бети ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
"Кумтөр" кениндеги дагы бир өзүм билемдиктин бети ачылды

"Кумтөр" кениндеги дагы бир өзүм билемдиктин бети ачылды. Өздөрүн ишенимдүү инвестор атаган канадалыктар химиялык зыяндуу заттар бар өндүрүш калдыктарын, таштандыларга аралаштырып жерге көмүп салышкан. 

“Центерра” тарабынан “Кумтөр” кенине, кыргыз жерине жасалган кыянатчылык фактылардын аягы үзүлбөдү. Өздөрүн ишенимдүү инвестор атаган канадалыктардын “Кумтөр” кениндеги дагы бир өзүм билемдигинин бети ачылды. Алар өндүрүш калдыктарын, таштандыларды, арасында химиялык зыяндуу заттары менен жерге көмүп келишкен.

Саркынды сууларды тазалоочу курулмалардын, калдык сактоочу жайдын, дамбанын тегерегинен цианид идиштери, унаа тетиктери, иштетилген май, дөңгөлөктөр, ал гана эмес бүкүлү менен көмүлгөн тралл, жүктөгүч техникалары табылып, көпчүлүктүн оозун ачырууда.

Абийирдүү инвестор эч качан мындай кыянатчылыкка бармак эмес. Зыяндуу заттарды баардык тийиштүү эрежелери менен зыянсыздандырып, калдык, таштандылар тартиби менен жок кылынышы керек эле. Адистер айтмакчы “Центерранын” жетекчилиги бул үчүн ашыкча каражат коротуп, башын оорутуп отурбай, ушундай оңой-олтоң жолду тандап алган.
Таштанды полигонун куруунун ордуна таштанды, калдыктарды ар кайсы жерге көмүп, көздөн далдоо кылган аракети - “Центерранын” Кыргызстандын экологиясына жасаган жырткычтыгынын бир гана мисалы. Бул кылыгы үчүн алар Канаданын мыйзамдары боюнча да жооп бериши керек. Анткени 2009-жылдагы стратегиялык келишим боюнча канадалыктар Кыргызстандын гана эмес, эл аралык дагы экологиялык нормаларды так сактоого милдеттенме алган.

2022-жылы “Кумтөр” келишиминин түзүлгөнүнө туура 30 жыл болот. Бул долбоор башынан Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштегенде, учурдагы мамлекеттин абалы такыр башкача болмок. Жаратылышка дагы мынчалык зыян келбейт эле. Теңгиз Бөлтүрүк башында турган жаңы жетекчилик экологиялык көзөмөлгө өзгөчө көңүл бурууда. Таштандылар кайра иштетилип, кендеги жердин кыртышын калыбына келтирүү үчүн тамак-аш калдыктарынан жер семирткичтер өндүрүлүүдө. “Кумтөрдү” экологиялык дагы, экономикалык дагы жагынан алдыңкы, көпчүлүккө үлгү болуучу компанияга айлантууга баардык аракеттер жасалууда.

Албетте, канадалык ишкерлердин өзүм билемдиги Кыргызстандагы айрым жооптуу кызматкерлердин макулдугу менен ишке ашырылган. Бул фактылар боюнча баардык материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп, юридикалык баа берилет.