Кыргызстандын расмий делегациясы менен "Центерра Голд" компаниясынын жетекчилеринин Женева шаарындагы сүйлөшүүсү дагы улантылат. Сүйлөшүүгө "Центерра Голд" компаниясынын президенти Скотт Перри баштаган топ, ал эми Кыргызстандан экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров жетекчилик кылган топ катышкан.
Женевадагы сүйлөшүүлөргө экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, баш прокурор Курманбек Зулушев, "Кумтөрдүн" убактылуу башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк менен бергеликте, Дмитрий Долматов баштаган 5 юрист барган. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын мамлекеттик делегациясы улуттук кызыкчылыкты коргоодо өз көз карашында бекем турду.
Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү иликтеп жаткан мамлекеттик комиссия «Кумтөр» ишканасы жалпысынан 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү деген бүтүмгө келген. Мунун 3 миллиард 86 миллиону келтирилген экологиялык зыян боюнча айып пул, 1 миллиард 166 миллиону төлөнбөй калган салык. Мамлекеттик комиссия койгон доодон сырткары Бишкектин Октябрь райондук соту "Центерра Голдду" Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.
17-майда Жогорку Кеңеш “Кумтөр” компаниясына убактылуу сырттан башкаруу киргизгенден бери өлкөдөгү эң ири алтын кенди Кыргызстан өзү иштетип келет. Эксперттердин пикиринде мындан ары «Кумтөр» Кыргызстандын салык мыйзамдары менен иштеп, биринчи кезекте экология жана адамдардын коопсуздугу боюнча мыйзамдарды бузбоосу зарыл.
Кыргызстан Кумтөрдү өзүнө алгандан кийин кенге байланыштуу иликтөөлөрдү да баштаган. Ушу тапта улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кен жаңы уюшулган учурда түзүлгөн келишимдерден тартып, соңку келишим-макулдашууларга чейин бардыгын иликтеп жатат.