Жаңылыктар
Жарандарды тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө мыйзамга кол коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
Жарандарды тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө мыйзамга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамеки, никотин керектөө кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет. 

Документтин максаты - калктын саламаттыгын тамекини колдонуунун кесепеттеринен коргоо, ошондой эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун тамекиге каршы күрөшүү боюнча Рамкалык конвенциясын ишке ашыруу.

Мыйзам тамеки каражаттарынын бардык түрлөрүн, никотинди жеткирүүнүн электрондук системаларын колдонууга көзөмөл орнотуу жана бардык тамеки каражаттарынын жарнамасына толук тыюу салуу аркылуу, тамекиге жана тамеки каражаттарынын бардык түрлөрүнө каршы күрөшүү боюнча нормаларды жакшыртууга жана чараларды күчөтүүгө багытталат. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 29-июлда кабыл алынган.