Жалал-Абад облусунда жер титиреди. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө күн мурун, саат 22:07де Жалал-Абад облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.
Жердин силкинүүсү Токтогул районунун Көл жана Алмалуу айылдарында 3,5 балл, Ак-Тектир, Кырк-Казык, Кара-Күнгөй жана Чоң-Арык айылдарында 3 баллга чейин сезилди. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.