Жаңылыктар
Бишкек шаарындагы мугалим, дарыгерлердин көбү вакцина алышты - Айнагүл Рыскулбекова
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарындагы мугалим, дарыгерлердин көбү вакцина алышты - Айнагүл Рыскулбекова

Бишкек шаарындагы медициналык мекемелердин анын ичинде үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери коронавируска каршы эмдөөдөн өтүштү. Бул тууралуу шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова брифинг учурунда билдирди. 

Мугалимдер арасында Ленин жана Свердлов райондук билим берүү боюнча мекемелеринин кызматкерлери 76% дан 92%га чийин эмдөөдөн өттү. Бишкек шаары боюнча мугалимдердин 79,75%, тарбиячылардын 93,50%, тарбия жардамчылырынын 49,46%, муниципалдык кызматкерлердин 68,79%ы эмдөөдөн өтүшкөн, - деди Рыскулбекова.