Заманбап технологияларынын өнүгүшү менен пайда болгон көптөгөн позитивдүү көрүнүштөргө жанаша заманбап технологиялар мейкиндигинде жана аларды колдонуу менен жазалган кылмыштуу аракеттер өнүгүүдө. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Заманбап технологиядарды колдонуу менен ишке ашырылган кылмыштуу курамдардын бири бул - коомчулукта “телефондук алдамчылык” аталышта белгилүү болгон, алдамчылык кылмышы жана жоругу. Телефондук алдамчылык кылмышы, кылмыштардын жана жоруктардын заманбап түрү деп атаса болот, өз учурунда мобилдик алдамчылык телекоммуникация чөйрөсүндөгү эң кенири жайылган кылмыш.
Адатта телефондук алдамчылар өзүнүн кылмыштуу аракеттерин ишке ашыруу үчүн интернет мейкинидигин жана уюлдук байланышты колдонуу аркылуу, атайын тандалган же туш келген жарандын ишеничине кирип аны алдоо аркылуу өз максатына жетет.
Телефондук алдамчылыкты ишке ашыруунун көп кездешкен түрлөрү:
- жарандарга ар кандай утуштарга ээ болгондугу боюнча кабарлап, утушту алуу үчүн кандайдыр бир суммадагы акча каражаттарын которууга же алардын банктык карталарынын маалыматын берүүгө түртүү;
- жарандардын туугандарынын, досторунун атын жамынып, телефон аркылуу жашоодогу оор абалга кабылгандыгын, тез арада акча каражаты керек болуп жаткандыгын айтып кандайдыр бир суммадагы акча каражатын которууга мажбурлоо.
Бүгүнкү күндө телекоммуникация каражаттарын колдонуу аркылуу жазалган алдмачылык фактылары боюнча Нарын ОИИБна жарандардан жалпы 3 арыз-даттануулар түшүп, алар боюнча 3 сотко чейинки өңдүрүш иштери башталган.
Ошол себептүү, Нарын ОИИБы, Нарын облусунун тургундарынан жана конокторунан алдамчылык менен күрөшүү максатында укук коргоо органдары менен тыгыз байланышууга жана телефондук алдамчылардан сак болуп, интернет-мейкиндигинде тараган шектүү шилтемелерди жайылтпоого жана телефондук алдамчылардын аракеттерине кабылган учурда алар тарабынан айтылган маалыматтарды текшерүү аракетин көрүүгө чакырат.
Эгерде шек жараткан чоочун абоненттик номерлер аркылуу жүргүзүлгөн СМС-билдирүүлөр, чалуулар түшсө дароо 102ге билдирип, далилдерди сактап калып, өткөрүп берүүңүздөрдү сурайбыз,- дейт Нарын ОИИБ.