Жалал-Абад шаарындагы №2 Кадыр Закиров атындагы орто мектептин спорт залынын курулушу бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Анын ачылыш аземине Билим берүү жана илим министри, Жогорку Кеңештин депутаттары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Мектептин спорт залынын курулушу 2015-жылы башталып, бирок каржылык себептен улам бүтпөй келген. Шаар бийлиги быйыл жергиликтүү бюджеттен 7 жарым миллион сом бөлүп, курулуш жанданып спорт зал ишке берилди. №2 Кадыр Закиров атындагы орто мектепте 2 миңге чукул окуучу билим алат.