Жаңылыктар
Ош облусунда беш жаңы мектеп пайдаланууга берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Ош облусунда беш жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Жаңы окуу жылында, Ош облусунда беш жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Бул, аймактагы эң алыскы айылдарына салынган билим уялары.

Ош облусунун мектептеринин катары дагы беш билим берүү уясы менен толукталды. Заманбап мектептин пайдаланууга берилиши жаңы окуу жылынын башынча окуучулар менен ата-энелер үчүн жакшы кабар. Кең-Сай айылына салынган мектептин ачылыш салтанатына айылдын жаш-карысы дебей баардык тургундары келген. 

Айыл мындан 70 жыл мурда түптөлгөн. Айылдын окуучулары буга чейин 1960-жылдары малчылар үчүн курулган үйдү - мектеп катары колдонуп келген. Эски мектеп билим алууга кооптуу болуп, авариялык абалга келген. Мындан улам жети жыл мурда жаңы мектеп салуу демигеси көтөрүлгөн. 

Элеттиктерди жарым кылым зарыгып күтүргөн мектептин курулушу да 7 жылга созулду. Республикалык бюджеттен 87 млн. сом ачк бөлүнүп, 350 окуучуга эсептелген 2 кабаттуу мектептин курулушу бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. 

Жаңы мектепте кружок бөлмөлөрү, заманбап спорт залы, ашканасы бар. Ар бир класс интерактивдүү доска, интернет менен камсыздалган. 

Коңшу Ак-Терек айылында да жаңы мектеп ачылды. Келечекке үмүттүү, ишенимдүү караган айылындын окуучулары жарык, заманбап мектепте окуйбуз деген жакшы маанайда турушат. 

Эми болгон аракетти сапаттуу билим берүүгө жумшоо зарыл. Анткени, Ош облусу билим сапаты боюнча соңку 2 жылдан бери акыркы орунда келе жатат. Былтыркы окуу жылынын жыйынтыгы менен 2 миңдей бүтүрүүчүнүн ичинен 3 окуучу гана артыкчылыкка жетишкен.

Дубандын аймагында ушул тапта 40дай мектептин курулушу жүрүүдө.

Жаңы окуу жылында Ош облусунда 540 мектеп окуучулар үчүн эшигин ачты. Анын бешөө жаңы пайдаланууга берилди. Ош облусу боюнча мектепте билим алган окуучулардын жалпы саны 230 миңди түзөт.