Жаңылыктар
Быйыл кышта кыргызстандыктарда көмүр боюнча көйгөй болбойт
Кыргызстан жаңылыктары
Быйыл кышта кыргызстандыктарда көмүр боюнча көйгөй болбойт

Министрлер кабинети кыштан көйгөйсүз чыгуу аракетинин үстүндө. Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун кору быйыл кургакчылыкка байланыштуу азыраак. Бул максатта энергетикалык компаниялар жылуулук мезгилине даярдыктарды аяктоого тийиш. 

Өлкөнү жарык жана жылуулук менен сапаттуу камсыз кылуу максатында бир катар ГЭСтер реконструкцияланып, модерназацияланууда жана ата мекендик көмүрдү пайдалануунун үлүшү жогорулатылууда. 

Көмүрдүн баасы быйыл кымбаттабайт жана калк үчүн кара алтын Кара-Кече кенинен октябрдан баштап таратыла баштайт.