Венадагы спикерлердин 5-дүйнөлүк конференциясына катышуунун алкагында, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушту. Жолугушуунун негизги максаты - парламенттер аралык кызматташуу, ошондой эле парламентарийлерди бириктирген эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулоо болду.
Бул багытта эки өлкөнүн парламент башчылары 27-28-сентябрда Түркстанда өтө турган ТүркПА Кеңешинин жыйынынын күн тартибиндеги маселелерди талкуулашты.Мамытов кесиптешине Кыргызстандын ички саясий турмушу жана 28-ноябрда боло турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгү тууралуу учкай маалымат берди.
Түркия парламентинин башчысы эки өлкөнүн ортосунда кызматташуунун бардык тармактарын камтыган ырааттуу мамилелер түзүлгөндүгүн баса белгиледи. Ал соода-экономикалык мамилелерди чыңдоо үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү толук колдонуу зарылдыгы тууралуу оюн билдирген. Тараптар 2022-жылы өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө, Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү мүмкүнчүлүгү тууралуу дагы пикирин билдиришти.