Президент Садыр Жапаров эки күндүк иш сапары менен Баткен облусуна барды. Мамлекет башчы, чек ара чырынан жабыр тарткан жергиликтүү тургундардын жашоосунан кабар алып, калыбына келтирилген турак үй жана социалдык объектилерди пайдаланууга берүү иш чарасына катышты. Өлкө башчы, Баткендеги калыбына келтирүү иштерин суук түшкөнгө чейин бүтүрүү тапшырмасын койду.