Жаңылыктар
Украинадагы Чернобыль кырсыгына быйыл 35 жыл толот
Кыргызстан жаңылыктары
Украинадагы Чернобыль кырсыгына быйыл 35 жыл толот

Быйыл Украинада болгон Чернобыль апаатына 35, Япониядагы Фукусима кырсыгына 10 жыл болду. Буга байланыштуу борбор калаада Чернобыль апаатынын ардагерлеринин жолугушуусу болду. 

Анда ири кырсыктын кесепетинен жабыркагандар тишелүү мекеменин өкүлдөрүнө материалдык жардам маселесин кароо өтүнүчү менен кайрылышты. Белгилей кетсек, адамзаттын тарыхындагы эң чоң атомдук кырсыктын кесепеттерин жоюуга миңдеген Кыргызстандыктар катышкан. Учурда өлкөдө миңден ашуун чернобылчылар бар.

 "Чернобыль биримдиги" коомдук бирикмесинин президенти Кадырбек Сасыкуловдун айтымында, алардын 90 пайызга жакынынын мүмкүнчүлүгү чектелүү. Чернобыль апаатын жоюуга катышкан мекендештерибиздин 12 пайызынын балдарынын да майыптагы бар.