Жаңылыктар
Лейлек районунда кыргыз-тажик биргелешкен кайгуул жүрүп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Лейлек районунда кыргыз-тажик биргелешкен кайгуул жүрүп жатат

Баткендин Лейлек районунда кыргыз-тажик биргелешкен кайгуулдары жүрүп жатат. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 

Баткен облустук милициясынын башчысы Мурат Боронов менен Тажикстандын Согди облустук милициясынын башчысы Абдулло Навджувоновдун сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагы менен Тажикстандын Гафуров району менен чектешкен аймактарында кайгуул жүргүзүлө баштады. 

Башкача айтканда, эки мамлекетти бөлүп турган Худжанд-Канибадам автожолунун 7 чакырымына чейинки аралыкта милиция кызматкерлеринен түзүлгөн кайгуулдар 24-августтан баштап жүрө баштады. Эки элдин коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле чагымчыл аракеттерге жол бербөө, кылмыштуулукту болтурбоо максатында уюшулган кайгуулдар эки багытта уюштурулуп, 9:00дөн – 18:00гө чейинки аралыкта жүргүзүлүүдө.