Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата логотипти тандап алуу боюнча жарыяланган сынак жыйынтыкталды.
Тандалган логотиптин авторлору маданиятка эмгек сиңирген ишмер, сүрөтчү Жаныш Жамурзаев, сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Шакир Арыков жана Жеңиш Жанузаков болду.
Сынак Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык мааракесине карата кесипкөй чыгармачыл топтордун коомдук иштерге активдүүлүгүн арттырууга багытталган. Жобого ылайык, долбоордун катышуучулары жалгыз автор же автордук жамаат болушу мүмкүн экендиги белгиленген.