Жаңылыктар
COVID-19: 26-июлга карата бош орундар
Кыргызстан жаңылыктары
COVID-19: 26-июлга карата бош орундар

Коронавирустук инфекциясы менен күрөшүү боюнча Республикалык штаб 26-июль, саат 10:00гө карата бош орундар боюнча маалымат берди.

Бишкекте жалпы 699 бош орун бар. Улуттук хирургия борборунда - 15, Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада - 46, №2 клиникалык төрөт үйүндө - 23, №1 шаардык клиникалык ооруканада - 60, Улуттук кардиология жана терапия борборунда - 6, Чүй облустук бириктирилген ооруканада - 12, Улуттук госпиталдын Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери үчүн бөлүмүндө - 39, Улуттук онкология жана гематология борборунда - 28, Улуттук госпиталдын урология корпусунда - 13, Улуттук госпиталдын мобилдик госпиталында - 17, Республикалык наркология борборунда - 28, Аскер госпиталында - 12, Курортология жана калыбына келтирүү институтунда - 184, Д. Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде - 125, Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда - 20, КММА фтизиатрия борборунда - 13 орун бар.