Жаңылыктар
Борбор калаада эл ташыган кичи автобус айдоочулары иш таштады
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаада эл ташыган кичи автобус айдоочулары иш таштады

Борбор калаада эл ташыган кичи автобус айдоочулары иш таштады. Алар январда май айына чейин жол кирени көтөрүү боюнча мэриянын убадасы аткарылбай жатканына нааразы. 

Дүйшөмбү күнү, жүргүнчүлөрдү ташыган фирмалардын жетекчилери мэрияга келип 10 чакты айдоочу иш таштап, митингге чыгууга үндөп жатканын кабарлашкан. Ал эми мэрия айдоочуларга берген убадасынан тайган жок. Жол кирени көтөрүү боюнча токтом долбоору даярдалып, Экономика жана финансы министрлиги жактырды. Шаардык кеңеш токтом кабыл алып берсе жаңы тариф күчүнө кирет, - деп билдиришти муниципалитеттен.