Түркмөн тараптын демилгеси менен тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередов менен видеобайланыш форматында сүйлөштү.
Анын жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун жетекчилери кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык, энергетика жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү актуалдуу маселелерди талкуулашып, мындан аркы өз ара аракеттенүү боюнча пикир алышты.
Мындан тышкары, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтип, курулуш тармагында жана башка чөйрөлөрдөгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди. Эки тараптуу тышкы саясий иш-чараларды уюштуруу маселерине өзгөчө көңүл бурулду. Казакбаев жана Мередов алдыда боло турган иш-чаралардын мазмундуу бөлүгүн сапаттуу даярдоо жана эки тараптын кароосундагы документтерин өз убагында макулдашуудан өткөрүү зарыл экендигин белгилешти.
Жакынкы арада өкмөттөр аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-түркмөн комиссиясынын кезектеги 5-отурумун өткөрүү керектиги белгиленди. Министрлер кыргыз-түркмөн өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулоо үчүн мындан ары да туруктуу байланышты камсыз кылууга макулдашышты.