Бишкек - Ош жолунун четинде кар күрткүсүнө тыгылып калган 9 жүк ташуучу унаа чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Бишкек - Ош трассасынын 224-чакырымындагы Шаркыратма тилкесинде оор жүк ташуучу унаа жолдун четине чыгып, тыгылып калган. Жерине куткаруучулар "Камаз" унаасы менен тартылып, унааны чыгарып беришкен. Ушул эле жолдун 217-чакырымындагы Ала-Бел ашуусунда 8 оор жүк ташуучу унаа чыгарылган. Тиешелүү кызматтар аталган унаа жолунда жол кырсыктарын алдын алуу чараларын жүргүзүүдө.