Жаңылыктар
Кыргызстанда бир суткада коронавирус 96 адамдан табылып, 2 адам каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда бир суткада коронавирус 96 адамдан табылып, 2 адам каза болду

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 96 адамдан табылып, 2 адам каза болду. Каза болгондордун экөө тең Бишкектин тургундары. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 

Маалыматта айтылгандай, вирусту жуктургандар Бишкекте, Чүйдө көп болууда. Акыркы суткада Талас, Баткен облустарында коронавирус аныкталган жок. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 400 бейтап, амбулатордук түрдө 324 адам дарыланууда. 

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 87 миң 239 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 84 киши айыгып чыкса, 1 миң 487 адам каза болду.