Кыргызстандын муфтийи кызматына 8 талапкер катталганын аалымдар кеңеши билдирди. Катоо 17-мартта аяктаган. 5-апрелде аалымдар кеңешинин курултайы өтүп, анда кыргызстандын жаңы муфтийи жана аалымдар кеңешинин мүчөлөрү бекийт.
Кеңешке 75 талапкер катталып, алардын 21и курамга кирет. Талапкерлерди каттоо 29-марттан 1-апрелге чейин өтүп, анда билим деңгээли каралат.
Эскерте кетсек, мурдагы муфтий Максатбек Токтомушев 10-февралда зыяратчылардын каражатын мыйзамсыз пайдаланууга айыпталып, кармалган. 12-февралга караган түнү Биринчи май райондук соту үй камагына чыгарган.