Жаңылыктар
УКМК: Салык кызматынын жогорку кызмат адамдары пара алуу фактысы боюнча кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Салык кызматынын жогорку кызмат адамдары пара алуу фактысы боюнча кармалды

Бишкек шаарынын Ленин жана Свердлов райондорунун Салык кызматынын жогорку кызмат адамдары пара алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди. 

УКМК тарабынан фискалдык органдардын ишиндеги коррупциялык фактыларды аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, ишкердик субъекттеринин салыктык чегерүүлөрүн мыйзамсыз төмөндөтүү боюнча туруктуу коррупциялык схемасы уюштурулгандыгы аныкталды. Салык төлөөдөн баш тартууга жардамы үчүн сыйлык катары 240 миң сом өлчөмүндө пара алуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Бишкек шаарынын Свердлов райондук салык кызматынын башчысынын орун басары жана Ленин району боюнча салык кызматынын инспектору кармалды. Аталган кызмат адамдары жеке ишкерлер менен жең учунан сүйлөшүп алып, жасалма документтерди колдонуп, Кыргызстанга импорттолуучу элге керектелүүчү товарларга салыктык чегерүү алынып салынгандыгы аныкталды.

Кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда Мамлекеттик салык кызматынын органдарында ушул сыяктуу мыйзамсыз иш-аракеттердин фактыларын аныктоо жана мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.