Бишкектин Свердлов районуна караштуу 7-апрель жана Менделеев көчөлөрүндөгү чөлкөмдө, "Мадина" базарын бойлой 50 даана бактын көчөтү отургузулду.
Бул борбор калаанын таза экологиясына кам көрүү жана жашылдандырууга салым болот. Ошондой эле, Россиядагы мекендештердин демилгеси менен Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишине 60 бак тигилди. Ишембилик Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте уюштурулду. Көчөттөрдү отургузуу иштерине “Бишкек жашылдандыруу” ишканасынын кызматкерлери көмөктөштү. Акциянын максаты - борборду жашыл шаарга айландыруу.
"Бишкек шаарынын мэриясы жакынкы күндөрү борбор калаага 15 миңге жакын бактын көчөтүн отургузат",- деди Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов.