Жаңылыктар
Бишкек мэриясы: борбор калаада Нооруз майрамы белгиленбейт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек мэриясы: борбор калаада Нооруз майрамы белгиленбейт

Бишкек шаарында Нооруз майрамы белгиленбейт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. 

Муниципалитет коронавирус инфекциясына байланыштуу борбор калаада массалык иш-чараларга чектөө киргизилгенин белгиледи. Ошондой эле башка мамлекеттерде вирустун жаңы штаммы табылып жаткандыктан, Нооруз майрамын өткөрбөө чечимин кабыл алынганы айтылат.

Мындан сырткары, курч кармаган вирустук инфекциялар менен кайрылгандар көп болуп жатканы кошумчаланды. Буга байланыштуу райондук администрация башчыларына санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүү тапшырылган.