Жаңылыктар
Ташкент шаарында ШКУнун аймактык терроризмге каршы түзүмүнүн 36-отуруму өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Ташкент шаарында ШКУнун аймактык терроризмге каршы түзүмүнүн 36-отуруму өттү

Ташкент шаарында Шанхай кызматташттык уюмунун Аймактык терроризмге каршы түзүмүнүн 36-отуруму өттү. Анда уюмга мүчө мамлекеттердин тийиштүү органдарынын биргелешкен «Пабби - Антитеррор - 2021» машыгууларын, сегизинчи эл аралык илимий-практикалык конференциясын өткөрүү чечими кабыл алынды. 

Жыйындын жүрүшүндө терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү жаатындагы кырдаал, коопсуздукка зыянын тийгизген чакырыктардын мизин кайтаруу жана эл аралык террористтик уюмдардын коркунучтарын алдын алуу боюнча биргелешкен чаралар аныкталды. Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Индия, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстандын делегациялары катышышты.