Президент Садыр Жапаров Сауд Арабиясынын Кыргызстандагы элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жуманы дипломатиялык ишмердүүлүгүн аяктап жатканына байланыштуу кабыл алды.
Мамлекет башчысы эки өлкө ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык туруктуу деңгээлде өнүгүп жатканына канааттанганын айтып, мындан ары бекемделишине терең ишенимин билдирди.
Садыр Жапаров Абдурахман бин Саид Аль-Жуманын Сауд Арабиясынын Кыргызстандагы туңгуч элчиси катары эки тараптуу кызматташуунун учурдагы жетишкен деңгээлине - өлкөлөр аралык бекем саясий мамилелер түзүлүп, маданий-гуманитардык алакаларды өркүндөтүү боюнча иштердин жигердүү жүрүшүнө кошкон жеке салымын белгиледи.