Жаңылыктар
Баткенде кыйноо фактысы боюнча милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде кыйноо фактысы боюнча милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Баткенде кыйноо фактысы боюнча милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Акыйкатчынын Баткен облустук өкүлчүлүгүнүн дарегине 2021-жылдын 1-февралында жергиликтүү тургун кайрылып, жолдошу милиция кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылгандыгы боюнча даттанган. Анын кайрылуусу дароо өкүлчүлүк тарабынан Баткен облустук прокуратурасына жолдонгон. 2021-жылдын 10-февралында Акыйкатчынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кадамжай райондук сотунда жазык иши боюнча сот отурумуна мониторинг жүргүзгөн.

Ал Кызыл-Кыя шаарынын убактылуу кармоочу жайында кармалып турган, кыйноого кабылды деген жаран менен жолуккан. Кыйноого дуушар болгонун тастыктап, өз колу менен Акыйкатчынын өкүлүнө арыз жазып берген.

Акыйкатчынын өкүлдөрү укукка жат мамиле жасаган милиционерлердин аракетине юридикалык баа берүү өтүнүчү менен Баткен облустук прокуратурасына кайрылган. Азыркы учурда Кыйноо фактысы боюнча жазык иши Баткен облустук УКМК башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө. Бул иш Акыйкатчынын Баткен облустук өкүлчүлүгүнүн көзөмөлүндө турат.