Опузалоого шектелип жаткан Чүй облусунун Кемин районунун сот аткаруу кызматы бөлүмүнүн улук сот аткаруучусу ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Жогорку соттун Сот департаментинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, сот аткаруучу мамлекеттик органдын беделин түшүрүүгө байланыштуу Сот департаментинин директорунун буйругу менен иштен бошотулду.
Эскерте кетсек, ЖМКларда жана социалдык тармактарда “Кемин районунун улук сот аткаруучусу пара талап кылды” деген ат менен видео материал тарап, аталган факт боюнча Сот департаментинин жетекчилиги тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүү талап кылынган.