Бишкек шаарында абанын сапатын аныктоочу электрондук карта ишке кирди. Борбор калаа боюнча 50 монитор орнотулган.
Анда жаңы муундагы өлчөгүч күн батареяларын, тышкы таасирлерден коргой турган экранды камтып, чыныгы убакыт режиминде абанын сапаты тууралуу маалымат көрсөтүлөт. Келип түшкөн бөлүкчөлөрдүн абада кармалышы жана абанын сапатынын индекси сайтка чыгат. Маалыматтар кылдаттык менен текшерилип, абанын сапаты тууралуу расмий статистикалык маалымат катары колдонулат. Мониторинг жүргүзүүчү жабдуулар Азия өнүктүрүү банкы тарабынан
“Алматы - Бишкек экономикалык коридору” программасынын алкагында, борбордо жана ага жакын жайгашкан райондордо калктын саламаттыгын сактоо максатында алынган.
Карта Кыргызгидрометтин жана Алматы - Бишкек экономикалык коридору программасынын сайттарына жайгаштырылды.