Жаңылыктар
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Ынтымак" жана "Кара-Суу" бекеттери калыбына келтирилет
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Ынтымак" жана "Кара-Суу" бекеттери калыбына келтирилет

Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Ынтымак" жана "Кара-Суу" өткөрмө бекеттери калыбына келтирилет. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов Кара-Суу районуна болгон иш сапарынын алкагында Савай айыл аймагынын Ынтымак айылында жайгашкан “Ынтымак”, "Кара-Суу" өткөрмө пункттарына барып, алардын абалы, инфраструктурасы менен таанышты. 

“Кыргызстан жана Өзбекстандын президенттеринин тапшырмасына ылайык, мындан ары эки элдин карым-катнашында эч кандай чектөө болбошу керек. Эки элдин ортосундагы ынтымакты бекемдөөгө, соода-сатык, транспорт маселесин жакшыртууга болгон күчүбүздү жумшайбыз’’, - деди Жарасул Абдураимов.

Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бир нече документтерге кол коюлган. Анын ичинде Ош жана Анжиян облустарынын кызматташтыгын жакшыртуу жана кеңейтүү максатында жол картасына кол коюлган.