Жаңылыктар
Кыргызстан - Тажикстан: чек ара боюнча өкмөттөр аралык жыйын өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан - Тажикстан: чек ара боюнча өкмөттөр аралык жыйын өттү

Тажикстандын Согди облусунун Гүлистан шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык делегацияларынын кезектеги жыйыны болуп өттү. 

Кыргызстандын делегациясын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, ал эми Тажикстан тарапты кесиптеши Саймумин Ятимов жетектеди. Эки өлкөнүн делегация жетекчилери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелериндеги долбоордук линиянын өтүүсүн сүрөттөп жазууну, мындан ары активдештирүү зарылдыгы тууралуу өз-ара толук түшүнүшүүсүн билдирди. Кеңешменин алкагында чектеш аймактардагы конфликттик абалдардын алдын алуу максатында Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев менен Согди облусунун төрагасы Раджаббой Ахмадзода жолукту. 

Иш-чарага Баткен облусунун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты. Эки мамлекеттин чектеш аймакта жашаган калк ортосунда достукту, өз-ара түшүнүшүү жана ишенимди чыңдоо зарылдыгы белгиленди. Тараптардын макулдашуусу боюнча кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жыйыны Кыргызстанда өтөт.