19-мартта Кыргызстанга Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы келет. Бул тууралуу маалымат жыйында Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлнара Ишенапысова билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан дүйнөдөгү 65 пайыз калкты эмдөө менен камсыз кылыш керек деген чакырыкка кошулган.
"Биз калктын 70 пайызын эмдешибиз керек деп жатабыз. Буга чейин Ковакс программасына киргенбиз. Анын алкагында Кыргызстанга AstraZeneca вакцинанын 1 млн 300 дозасы апрелдин башында келмек. Бирок март айында Данияда аталган вакцина тромбозго алып келген. Мындан улам эмнеге мындай жыйынтыкка алып келгендиги тууралуу чечимди күтүп жатабыз. Ошондой эле Россиянын "Спутник V" вакцинасынын 5 миң дозасы жардам катары берилери айтылган", - дейт ал.
Ишенапысова белгилегендей, кытайлык Sinopharm вакцинанын оң жагы аны +2, +8 градуста сактоого болот. Эмдөөнүн биринчи этабында Бишкекте 4, Ош шаарында эки, Кант жана Сокулукта бирден атайын жайлар ачылат. Алгач медкызматкерлери, мугалимдер, соцкызматкерлер, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, 65 жаштан жогору курактагылар, өнөкөт оору менен ооругандар жана башкалар эмделет.