Өкмөт күйүүчү-майлоочу майдын баасынын өсүүсүнө жол бербөө боюнча зарыл чараларды көрүүдө. Азыркы учурда дүйнө жүзүндө күйүүчү-майлоочу майга баанын өсүү тенденциясы байкалууда.
Буга байланыштуу өкмөт баанын мындан ары да жогорулашына жол бербөө боюнча нефтетрейдерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Ошондой эле, республиканын бардык мунай базаларында тартыштык болбойт.
Эскерте кетсек, мунай жана мунай продуктыларын ЕАЭБ өлкөлөрүнөн тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салынган.