Өкмөт кум шекер жана өсүмдүк майын экспорттоого тыюу салды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү брифингде Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.
Анын айтымында, 2020-жылга карата маалымат боюнча, кум шекердин 56%ы ата мекендик компаниялар тарабынан өндүрүлөт, калган 44 пайызы коңшу өлкөлөрдөн импорттолот. Россия, Казакстан жана Тажикстанда кум шекердин баасы өскөнүнө байланыштуу Кыргызстанда да социалдык керектөөдөгү азык-түлүктөргө баанын өсүү тенденциясы байкалууда. Азыркы учурда өлкөдө эң керектүү азыктардын тартыштыгына жол бербөө жана алардын баасын түшүрүү үчүн Премьер-министр Улукбек Марипов токтомго кол койду, ага ылайык, өлкөдөн кум шекер жана өсүмдүк майын экспорттоого тыюу салынат.
Белгилүү болгондой, азыркы учурда эң зарыл болгон азык-түлүктүн жетишсиздиги байкалбайт, мындай чара аргасыздан жана убактылуу болуп саналат.