Билим берүү жана илим министрлиги өлкө аймагындагы мектептерге медициналык кабинеттерди ачууну көздөп жатат. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, учурда айрым окуучулар дарыланууга шарты болбогондуктан мектепке бара албай жатышат.
"Атайын дарылоо бөлмөлөрү ачылса кант диабети, талма илдети бар балдар мектепке коркпой бара алат. Мектептерге медайымдарды жумушка алып иштетүү көп балдардын билим алуусуна шарт түзөт”, — деп айтылат бидирүүдө.
2022-2023-окуу жылдарында ар бир мектепке медициналык бөлмө ачып, медайымдарга айлык коюп берүү пландалууда. Мындай бөлмөлөрдүн иштөөсү үчүн 386 миллион 700 миң сом бөлүнөрү айтылды.