Жаңылыктар
Екатеринбург — Тамчы каттамы ачылат
Кыргызстан жаңылыктары
Екатеринбург — Тамчы каттамы ачылат

Екатеринбург — Тамчы — Екатеринбург аба каттамын ачуу үчүн алдын ала сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Бул аракеттердин негизги максаты - туристтик агымды көбөтүү экени айтылууда.

Сүйлөшүү Кыргызстандын Екатеринбургдагы Генералдык консулдугу менен "Уральские авиалинии" компаниясынын жетекчилигинин ортосунда болду.

Тараптар жай айларында аталган шаардан Бишкек жана Ошко каттамдарды көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Министрликтен кошумчалашкандай, Екатеринбургдан Тамчыга алгачкы учак жакын арада учуп келет.