Борбордо кыргыздын көрүнүктүү адабиятчысы, сынчы, жазуучу, профессор маркум Салижан Жигитов эскерилди. Туулган күнүнө карата уюштурулган эскерүү кечеси анын сөөгү коюлган Ала-Арча көрүстөнүндө өтүп, куран окулуп, гүл чамбар коюлду.
Ошондой эле, Салижан Жигитовдун 85 жылдыгана карата Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин окутуучуларынын катышуусунда онлайн форматтагы илимий конференция өткөрүлдү.