Кыргызстан менен Өзбекстан аткезчиликке каршы биргелешип күрөшөт. Мындай келишим президенттин Ташкентке жасалган мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген. Бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, маалымат алмашуу, курал жарактарды чек арадан алып өтүүгө жана баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматташуу жанданат.
Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосунда бажы тармагындагы кызматташуу тууралуу келишим 2000-жылы жетишилген. Бирок, мекемелердин биргелешкен аракеттери тууралуу маалыматтар жок. Эми жаңы документке Кыргызстандын Экономика жана финансы министрлиги менен Өзбекстандын мамлекеттик бажы комитети тарабынан кол коюлду.