Жаңылыктар
Кыргызстан - Өзбекстан. Айыл чарбасындагы кызматташуу
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан - Өзбекстан. Айыл чарбасындагы кызматташуу

Кыргызстанга Өзбекстандын аймагынан арзан баада жер-жемиштер үзгүлтүксүз келип, ал жакка картошканы экспорттоо көлөмү арбыйт. Бул тууралуу айыл чарба тармагындагы эки тараптуу макулдашуулардын алкагында бир нече документке кол коюлду. Азыркы тапта түзүлгөн келишимдердин алгачкылары аткарыла баштады.

Айыл чарба тармагында эки өлкө ортосунда кызматташуу келишими түзүлөрү менен анын алгачкылары ишке аша баштады. Буга чейин 2019-жылы Кыргызстан Өзбекстанга 35 миң тонна картошка сатса, Өзбекстандан 96 миң тонна мөмө-жемиш кирген. 

Былтыр пандемия маалында өзбек тарапка 156 миң тонна картошка экспорттолуп, ал жактан 51 миң тонна жашылча импорттолгон. Азыркы тапта алаканы дагы бекемдөө максатында сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.