Өкмөт 100 күндүк биринчи кезектеги чаралар планына камтыган иштердин алгачкы жыйынтыктарын чыгарууда. Март айына төрт иш-чара каралса, анын үчөө ишке ашырылды. Планга камтылган 50 иш-чараны толугу менен ишке ашыруу мөөнөтү 1-июнга чейинки убакытка белгиленген.
Өкмөт 50 иш-чарадан турган 100 күндүк биринчи кезектеги чаралар планын кабыл алганына 20 күнгө чукулдады. Бул убакытта март айына белгиленген беш иш-чаранын үчөө толугу менен аткарылды. Калган экөө айдын аягына чейин жүзөгө ашырылат.